31-январда ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү жана ишкердиги тууралуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын экинчи жыйыны өттү. Анда Азаттык кыргыз кызматынын жетекчиси Айзада Касмалиева Саймаити боюнча Азаттыктын журналисттеринин иликтөөсүн жана буга чейин жарыяланып келген материалдар тууралуу айтып өттү. Ал эми депкомиссиядагы бир катар саясатчылар өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу суроолорду беришти. Бул теманын тегерегинде «Күн чекит» программасында саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев менен маек курдук.
Марал: Ишкер Айеркен Саймаитинин ишмердиги жана анын өлүмүн иликтөө боюнча экинчи депутаттык комиссиянын жыйыны өттү. Бул иште парламент активдүүлүгүн көрсөтө алабы?
-Жыйын болуп жатат. Бирок парламент биз каалагандай, биз күткөндөй активдүүлүгүн көрсөтө албай жатат. Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң чуулгандуу, көрүнүктүү жана резонанстуу иштердин бири Саймаитинин ишмердүүлүгү жана өлүмү болду. Бул теманын тегерегинде ММКларда ар кандай багыттагы иликтөөлөр дале жүрүп жатат. Мындан парламенттин активдүүлүгү олку-солку болуп жатканын түшүнсөк болот. Анткени бул ишке мамлекеттин башка органдары да кызыкдар болуп жатат да. Ошон үчүн менин пикиримде, ушул жерде солгундоолор болуп жатат. Бүгүнкү жыйында Саймаитинин мүлктөрүн изилдөө үчүн чет мамлекетке атайын адамдар жөнөтүлөрү айтылды. Эмне үчүн бул иштер эми гана башталып жатат? Бул иштин болгонуна канча болду? Ошондо эле ушул сыяктуу иштер аткарылышы керек эле да. Экинчи жагынан күч түзүмдөрү акча которуу боюнча 2016-жылдан баштап 14-15 жолу кат жөнөткөнбүз деп айтып жатышат. Бул мамлекеттик деңгээлдеги коррупциянын терең тамырлап кеткенинен, түп орду менен байырлап алганынан кабар берет.
Марал: Юрист катары айтсаңыз. Чуулгандуу иштерде журналист менен органдардын ортосундагы ишмердигинин чеги кайсыл жерде болушу керек? Белгилеп бере аласызбы?
—Журналист уккан-көргөн кырдаалды жазып, тартып коомчулукка таратат. Ал эми укук коргоо органдары буларды иликтеп туруп, юридикалык баасын бериши керек. Ал жерде укук бузуу болгонбу же болгон эмеспи? Эгерде укук бузуу катталып кала турган болсо эмнеге? Мына ушундай сыяктуу иштерди аты аталган органдар аткарат. Бирок журналист менен укук коргоо органдарынын өзөгү бир. Бул — факт. Журналист дагы, укук коргоо органдары дагы бир гана фактынын негизинде иш алып барышат. Далилге таянышат. Эки кесиптин окшоштук жагы да бар, айырмачылыгы да бар деп айтат элем.
Марал: Бүгүнкү жыйында айрым депутаттар массалык маалымат каражаттарына нааразычылыгын билдиришти. ММКнын кетирген чекилиги барбы? Иликтөөдө мыйзам бузуулар байкалып жатабы?
—Коомго ММКлар керек. Сөз эркиндиги үчүн алардын эмгеги зор. Эгерде журналисттер болбосо, коомчулук өнүкпөйт. Бирок кемчиликтер да бар. Кээ бир жагдайларда апыртып да жибериши мүмкүн. Ал эми иликөө боюнча айтсам, Азаттыктын иликтөөсүндө Саймаити менен Түркиядан жолугуп, ал адамдын үнү, жадакалса, видеосу дагы мунун чындыгын көрсөтүп жатпайбы. Фактылар турат да. Ал эми бул иште мыйзам бузуулар болдубу же жокпу, келечекте билинип, ачыкка чыгат деген ишеничим бар.
Марал: Бул иш кантип жыйынтыкталышы мүмкүн?
-Жыйынтыктын эки түрүшү болушу мүмкүн. Биринчиси — коомдук пикирдин түзүлүп калышы, ал эми экинчиден, укуктук баа берүү керек. Эгерде мамлекеттик органдар бул ишке кызыкдар болсо, өзүлөрү каалагандай кылып жыйынтыкты «күнөөлүү же күнөөлүү эмес» деп чыгарып коюшат. Бирок ошол эле маалда коомчулук ал жоопко, жыйынтыкка ишенеби же жопу бул — башка маселе. Иликтөөдө Саймаитинин ишмердүүлүгү, соодагерлердин жашоосу, көмүскө иштери тууралуу бир гана кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө маалыматка ээ болуп калды. Мен муну ийгилик катары эсептеш керек деп ойлойм. Жыйынтыгында, туура чечим чыгарышы керек. Эгерде бийлик муну менен эсептешпей, кол шилтеп койсо, туура эмес болуп калат. Анткени журналисттер толук деп айта албасам да, бирок фактыларды бакыйтып эле көрсөтүп беришти.