Орусиядагы Орловка облусунда заводдо жарылуу катталып, кесептинде 5 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Орловка облусунун Мценск шаарындагы курулуп жаткан заводдо жарылуу катталган. Алгач 4 адамдын кайтыш болгону айтылган болчу. Кийинчерээк алардын саны 5ке жеткени маалымдалды.
Кырсык учурунда Түркиянын 3 кызматкери жаракат алган, андан сырткары, 1 жараны каза болгон.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, жарылууга жумуш учурундагы талаптын бузулушу себеп болгон.