Биз менен байланышыңыз

Касмалиева: Саимаити — бажыдагы коррупциялык системаны айткан ондогон кишинин бири гана

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 3568 | 0

Бажыдагы жемкорлукту иликтөөгө жалгыз гана Айеркен Саимаитинин маалыматы негиз болгон жок. Бизге ошол компанияларда иштеп кеткен карапайым жумушчулар, жүк ташыган ишкерлер, андан сырткары коррупциялык түйүндү жакшы билген азыркы жана мурдагы бажы кызматынын, чек ара кызматынын офицерлери, банк кызматкерлери маалымат берип, документтерди жана далилдерди көрсөтө алышты. Бул тууралуу Азаттык кыргыз кызматынын жетекчиси Айзада Касмалиева Саймаити боюнча маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Коопсуздук маселесинен улам алардын аты-жөнүн ачык айта албайбыз. Саимаити бажыдагы коррупциялык системаны айтып берген ондогон кишинин бири гана болуп саналат. «Эмне үчүн Саимаити гана?» деген суроо болушу мүмкүн. Бажыдагы туура эмес иштер тууралуу ошол адамдардын өздөрү бизге келип маалыматтарды берип жатышат. Биз аларды атайын издеп чыккан жерибиз жок, — деди Касмалиева.

Ошондой эле, ал бул 2017-жылы маркум журналист Улан Эгизбаевдин иликтөөсүнүн уландысы гана экендигин белгиледи.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM