Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууну эскертет

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 525 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы өткөн жылдын кирешеси үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу керектигин эскертет. Декларцияны юридикалык жактар 1-мартка, ал эми жеке жактар 1-апрелге чейин тапшырышы шарт.

Ал эми салыктын калган түрлөрү боюнча төмөнкүлөрдү эскертет:

-Жергиликтүү салыктарды төлөө боюнча 1-топтогу мүлк салыгы, тагыраагы, аянты 80 чарчы метрден ашкан батирлер, 150 чарчы метрден ашкан үйлөргө карата салыктар 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;

-2-3-топтогу кыймылсыз мүлк салыгын же ишкердик үчүн жүргүзүлгөн обьектилер үчүн бирдей үлүштөр менен ушул жылдын ар кварталынын 3-айынын 20сына чейин;

-Кыймылдуу мүлк салыгын 1-сентябрга чейин;

-Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандар жер салыгын бирдей үлүштөр менен ар кварталдын биринчи айынын 20сына чейин;

-Үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандар жер салыгын 1-сентябрга чейин төлөнүшү керектигин эскертет.

Бирдиктүү салык декларациясын өз учурунда тапшырбагандарга административдик айып салынарын билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM