Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери уланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 291 | 0

Кар көчкү коркунучу келип чыккандыгына байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында 26- 31-январь аралыгында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкү коркунучу бар кар массасын атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 30-январда 198-чакырымында (Өтмөк ашуусуна кайрылуу) атып түшүрүү иштери жүргүзүлүп, 16 050 чарчы метр кар көчкү түшкөн. Жолго 13 050 чарчы метр кар көчкү түшүп, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 18:50дө толук тазаланган.

27-январдан 30-январга чейин жалпы 85 даана снаряд атылып, 467 430 чарчы метр кар көчкү түшкөн.

Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын артиллериялык эсеби тартылат.

Мындан тышкары, Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат.

Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. Саламаттык сактоо министрлигинен  тиешелүү медицина кызматкерлери коштоп жүрөт.

Иш-чара жүрүп жаткан участокко унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилет жумуш бүткөн соң чектөө алынат, толугу менен Бишкек-Ош автоунаа жолу жабылбайт. 

Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 31-январда улантылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM