Биз менен байланышыңыз

Грин-карта берүү шарттарынын күчөтүлүүсү Кыргызстанга кандай таасир этет?

Коом , Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 911 | 0

АКШ грин-карта берүү шарттарын күчөттү. Грин-карта алуу процедурасы, бийликтин ою боюнча, мамлекеттик жөлөк пулга үмүттөнгөндөр үчүн кыйындамакчы. Бул Америкада иштеп, жашап жүргөн мекендештерге кандай таасир берет? Эл өкүлдөрү буга кандай көз карашта? Лотереяны утуу үчүн кыргызстандыктар эми эмнеге басым жасоосу зарыл?


28-январда АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын администрациясына грин-карта берүү шарттарын күчөтүүгө уруксат берди. Ага ылайык, эми Америка администрациясы туруктуу жашоо үчүн уруксат берүүгө жаңы эрежелерди киргизет. Бийликтин ою боюнча, грин-карта алуу процедурасы мамлекеттик жөлөк пулга үмүттөнгөндөр үчүн кыйындамакчы.

Кошмо Штаттардын Чикаго шаарындагы кыргызстандыктардын диаспорасынын президенти Улан Азимбаев жаңы өзгөрүүлөр Америкада жүргөн кыргыздарга олуттуу ыңгайсыздык жаратпай турганын билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү грин-карта алар замат Американын жөлөкпулунан баш тартып коюшат. Анткени алар жөлөкпул алуу максатын эмес, тажрыйба алмашуу, киреше табууну көздөшөт.

— Америкага грин-карта менен келип, бирок ден соолугуна байланыштуу камсыздандыруу кызматтары, балдарына жөлөк пул сыяктуу колдоолордон пайдалана албаган кишилер бар. Алар Кыргызстандан келе жатканда эле АКШнын колдоосунан баш тарткандыгы боюнча документке кол коюшат. Ал эми грин-карта боюнча акыркы өзгөрүүлөр Америкада жүргөн атуулдарга көп таасирин тийгизбейт. Анткени алар мамлекеттен жардам албайт. Тескерисинче, оз оокатын кылып, кайра мамлекетке салык төлөп жатышат. Андыктан кооптуу эч нерсе жок. 

Чындыгында Кыргызстандын жарандары эмне себептен грин-карта алууга кызыгышат  деген суроо боюнча айрым арыз ээлеринин оюн билип көрдүк.

— Америка ар тараптуу өнүккөн, лидер өлкө. Мен да АКШга барып, илим жаатында жаңы технологияларды көрүп, тажрыйба алгым келет.  

— Грин-картага тапшырганымдын себеби, биринчи кезекте билим алуу. Аны менен катар киреше табуу. Бирок бул — экинчи максатта.

Америкадан топтогон тажрыйбамды КРге алып келип, бөлүшкүм келет. Ошондуктан лотереяга катыштым. 

Америкалык кыялым орундалса дейм. Мындан сырткары киреше табуу планым бар. Анан албетте өзүмдү өнүктүрөм деп ойлойм. 

Жаңы өзгөртүүлөрдүн учурда Америкада качкын макамында же муктаждыктын айынан жүргөн, бирок АКШ жарандыгы жок 22 миллион адамга көбүрөөк зыяны тийиши мүмкүн экени белгиленүүдө.


Америка Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизет


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин депутаты Тынчтык Шайназаров өзгөрүүлөрдөн чочулоого негиз бар экенин айтат. Эл өкүлү тийиштүү мамлекеттик органдар жарандардын укугун коргоо багытында иш алып баруусу керектигин билдирди. Мындан сырткары грин-карта берүү шарттарынын күчөтүлүүсү Кыргызстандын элине да таасирин тийгизерин белгиледи.

 — Чочулоого негиз бар. Анткени Кыргызстан менен АКШнын ортосунда эч кандай келишим жок. Бул өзгөрүүлөр Кыргызстанда жашап жаткан элибизге да таасирин түздөн-түз тийгизет. Жаштарыбыз англис тилин билет. Бирок кошумча шарттардын киргизилиши бираз кыйынчылык туудурат. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги, өкмөт бөлүшүп иш алып баруусу шарт. АКШнын КРдеги элчисине туура түшүндүрүп, КР парламенттик мамлекет экенин, өлкө демократиянын баалуулуктарын тааный турганын айтып, маселени дипломатиялык жол менен чечүүсү зарыл. Практикалык жумуш болушу керек. Азыр эми ТИМ аракет кылып жатат. Ошентсе да көйгөй көп. Анын баарын бир күндө чече албайбыз. 

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, англис тилин төмөн билген, өзүн толук камсыздай албаган, жумушка орношууда кыйынчылык жараткан же эмделүүнү талап кылган, ден-соолугунда мүчүлүштүгү бар жарандарга грин-карта алууда кыйынчылык жаралат.

Грин-карта лотереясынын жеңүүчүсү Эрбол Эсенкалыков аталган документ АКШга пайда келтирүүчү адамдарга берилерин эске салып, грин-картага анкета толтурууда көңүл бурулушу керек болгон жагдайларга токтолду.   

— Анкетаны туура толтуруу зарыл. Алсак, паспорттун номуру, туулган күн, жашаган жана туулган жер… «Тил билсең, лотереяны утуп аласың» деген эреже же белгилүү критерий жок. Ал болгону жөн гана лотерея. Ал эми лотереяны уткан соң, тил билүү артыкчылык катары каралат. Азыр жогорку билим артыкчылык катары каралууда. 

Кошумчалай кетсек, грин-карта АКШга иммиграциялоонун реалдуу жолдорунун бири болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM