Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 28-январда тоолуу райондордогу жолдорго кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 427 | 0

Бүгүн, 28-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл менен чектелиши зарыл.

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында 31-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жургүзүлөт.

2020-жылдын 27-январь күнү кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы 56 миң чарчы метр кар көчкү түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM