Биз менен байланышыңыз

Иран “Зафар” аттуу спутнигин космоско учуруу үчүн полигон даярдап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 433 | 0

“Зафар” сериясындагы орбиталык спутниктин учурулушу үчүн Иран полигон даярдап жатат. Бул тууралуу 27-январда өлкөнүн Байланыш министри Мохаммед Жавад Жахроми Твиттердеги баракчасына билдирди.

Мурда Regnum маалымат агенттигине берген маалыматында Жахроми 19-январда эле Тегеран “Зафар” аттуу эки орбиталык спутникти учурууга даяр экенин билдирген.

Бул спутниктер Жерге атмосферанын метеоабалы тууралуу кабар берип турат. Спутниктерди учуруу үчүн Иран “Сафир” аттуу ракета-алып жүрүүчүлөрдү колдонот.

90 килограммдык аппараттар төрт жогорку сапаттагы камералар менен камсыз болуп, Жерди мониторингдөөгө ылайыкталган. Бул спутниктер берген маалыматтарды айыл чарбасында жана жаратылыш кырсыктарынын көзөмөлдөө үчүн да колдонушат. Спутниктин старт алышынын так мөөнөтү айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM