Биз менен байланышыңыз

Быйыл өкмөт кандай реформаларга барат?

Коом , Кыска кабар , Саясат | 27 Янв 2020 | 391 | 0

Быйыл өкмөт быйыл элге жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү программасын кеңейтет. 2020-жылдын 1-октябрына чейин фискалдаштыруунун бардык компоненттери интеграцияланып, толук кандуу ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн 27-январдагы жыйынында белгилүү болду. Жыйында 2019-жылдын болжолдуу жыйынтыктары жана 2020-жылга коюлган милдеттер жөнүндө маалымат берилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлиги экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоого жетишкенин белгилеп, бирок көмүскө экономиканын деңгээли дагы деле жогору бойдон калып жатканын белгиледи.  Мындан сырткары, акимдер аймакка инвестиция тартуу багытында иш алып барбай жатканын сынга алып, ар бир мекемеге бир катар тапшырмаларды койду.


Аткаруу бийлигинин 2020-жылга каралган иш-аракеттери 5 негизги максатка бөлүнгөн. Алар: элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу; экономикалык активдүүлүк жана бакубатуулук; региондорду өнүктүрүү жана ички миграциянын дэңгээлин кыскартуу; салыктык саясатты фискалдаштыруу жана көмүскө экономиканы азайтуу; өлкөнүн экологиялык коопсуздугу. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, быйыл өкмөт ишкерлер менен инвесторлордун Кыргызстанга карата ишенимдүүлүк суроолоруна чекит коюлууга тийиш.

— Өкмөт инвесторлордун жеке менчигине жана салган каражаттарына кол тийбестикке кепилдик берүүчү, физикалык жана юридикалык жактардын мүлкүн жана капиталдарды амнистиялоо боюнча иштерди улантат. Бул чаралар – ишкерлердин фискализация системасына жана жарандардын кирешелерин декларациялоого ишенимди күчөтүү үчүн негиз болууга тийиш. 2020-жылы Кыргызстандын экономикасындагы жалпы инвестициянын көлөмүн 250 млрд сомдон кем эмес өздөштүрүү иштерин активдештиребиз. Буюрса, бул чаралардын негизинде, 2020-жылы 15тен көп ири долбоорлор (“Жер-Үй”, “Этибакыр-Терексай”, Оштогу “Кыргыз унаа курулуш” менен “Кыргыз текстиль”, Кайыңды “Металл кени”) ишке кирет. Кумтөрдөн көз карандылыкты 2020-жылы – 10%га, 2023-жылга 25%га чейин азайтууну максат кылып жатабыз

Абылгазиев белгилегендей, өкмөт соттук-укуктук реформаларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүүдө. Аткаруу бийлиги үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен кеминде 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарат. Буга кошумча кайра иштетүү, экологиялык жана органикалык продукцияны экспорттоо – 2020-жылдагы айыл чарба тармагындагы стратегиялык башкы милдет. Ал үчүн төмөнкү программалар ишке ашырылат:

— Биринчиден, ФСХ — 8 программасы, кошумча нарк чынжырынын катышуучуларына жана айыл чарба кластерлерине 6-8%да 6 млрд сом жеңилдетилген каржылоо болот, экспортко багытталган ишканаларды финансылык колдоо жана жеңилдетилген каржылоо долбоору улантылат. Экинчиден, РСК банкынын базасында адистештирилген экспорттук банк ачылат, ал 15 млн долларга чейин капиталдаштырылат. Үчүнчүдөн, ата мекендик экологиялык жана органикалык продукциянын сапатынын стандарттарын, аны тастыктоонун принциптери менен механизмдеринин кеңири киргизилет. Бул – өлкөдө органикалык аймактарды түзүүгө алып келет. Мындан сырткары, малдын асыл тукумдуулугуна лизинг алуу боюнча долбоор ишке ашырылат, мында чийки затты кайра иштетүү жана даяр продукция чыгаруучуларга байланат. 2020-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭСтен биздин ишканалар менен компаниялардын ортосундагы операциялардын көлөмүн 1 млрд сомго чейин чыгаруубуз кажет. 

Быйыл республиканын облустарында ишкерледи колдоо борбору ачылат.  Бул тууралуу Экономика министри Санжар Мукамбетов кабарлады. Анын айтымында, 2019-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 590 мдрд сомго жетип, реалдуу өсүү тепми 104,5%ды түздү. Бирок ЕАЭБдин алкагында тарифтик эмес тоскоолдуктардын арун алуусу, казак-кыргыз чек арасындагы текшерүүнүн күчөтүлүүсү Орусиянын Борбордук банкынын коргоо чараларын коюусу соода жүргүзүүнү татаалдатып жатат.

— 2019-жылдын жыйынтыгы менен бизнести текшерүү 8 эсеге азайды. Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдон суммасы 500 млн сомдук 151 долбоор жактырылып, каржыланды. Учурда 3 долбоор толук кандуу иштелип жатат. Жалпы суммасы 300 млн долларды түзгөн 23 долбоор каралды. Анын ичинен толук даярдыктагы 10 долбоор ишке киргени турат. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө ар бир облуста кеминде экиден кем эмес мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууну сунуштаар элем. 

Абылгазиев 2019-жылдын жыйынтыгы менен бизнести текшерүү 8 эсеге азайганын жакшы көрсөткүч катары баалады:

Мен муну жакшы көрсөткүч, бизнес өнүгүп жатат деп ойлойм. Бирок мунун да өзүнчө коркунучтары болсо керек. Эгерде болсо, булар кандай коркунучтар?

Мукамбетов:

Негизинен, эмгек кодексин бузуулар болуп жатат. Мындан улам, Экотехинспекция менен кошо өкмөттүн токтомунун долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Бул Экотехинспекцияга алдын ала текшерүүдөн кийин санкцияларды киргизүүгө уруксат берет.

Абылгазиев адамдын өмүрүнө коркунуч келтире турган механизмдер текшерилиши керектигин белгиледи.

Быйыл киреше салыгын 70/30 үлүшүндө кайра бөлүштүрүүнүн натыйжасында жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,3 млрд сом алат. Жыйынтыгында, алардын кирешеси 9,7 млрд сомго чейин жогорулайт. Ошондой эле, өлкө боюнча 55 айыл таза суу менен камсыздалат. 2020-жылы социалдык-маданий багыттагы кеминде 100 объектинин курулушун жана капиталдык ремонтун бүтүрүү пландалууда. Региондордогу 290 мектепке ысык тамак берилет.  Бул тууралуу вице-премье-министр Кубатбек Боронов маалымдады:

—  Былтыр республиканын аймактарында 730 га жаңы сугат жер киргизилди жана 1 395 га аянт жердин суу менен камсыз болушу жогорулады.  2020-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган көрсөткүчтөрдү бир нече ирет жогорулатуу үчүн тиешелүү органдарды болгон күч-аракетин жумшап, 1700 гектардан кем эмес жаңы сугат жерди киргизип, ал эми суу менен камсыз болушу үчүн жок дегенде 17,5 миң га сугат жерге көбөйтүп, аны менен өлкөбүздүн 6000 жашоочусун жаңы иш орундары менен камсыз кылынат. Бишкек менен Оштун аэропортун тышкы башкарууга берип, натыйжада, тейлөөнүн сапатын жакшыртууга шарт түзгөнү турабыз. Былтыр республикалык казынадан сырткары, жергиликтүү бюджеттин, донордук уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарына 7 млрд 654 млн сомго 624 долбоор ишке ашырылды. Ошону менен бирге айрым министрлик жана мекемелердин жетекчилери региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүгө багытталган маанилүү иш-чараларды жетиштүү деңгээлде аткарган жок. 

Учурда Түндүк системасына 63 мамлекеттик орган туташып, 28 коммерциялык уюм иштеп жатат. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев өлкөнү санариптештирүү багытында каралган 245 иш-чаранын 76сы ишке ашырылганын кабарлады. Ал белгилегендей, мамлекетик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө кагаз жүзүндө 13 маалымкатты талап кылуу жоюлду. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча маалымкаттардын тарнзакциялары 1,5 миллиондон ашкан.

— Электрондук кызматтар мобилдик тиркемеси иштелип жатат. Андан сырткары электрондук кол тамга колдонуу сиситемасынын жаңы форматы ишке киргизилет. Аны 2020-жылдын март айына пландап жатабыз. Мамлекттик ишканаларды каражаттарды түзмө-түз берүүнү колдоп берүүңүздү суранабыз. Бул ыкма мамлекеттик ишканалардын каржылоосун чечет жана долбоорлорду эффективдүү ишке ашырат. Бизде 5 органда маселе бар. Анткени ошол жерде коюлган техникалык жабдыктар эскирген. Мындан улам, жаңы санариптик системага өтүү зарыл болуп жатат. Бул биринчиден, маалыматтык коопсуздук жагынан, экинчиден, ар бир аким менен ыкчам, онлайн түрдө видео байланыш түзүүнү камсыздайт. 


Бир районго бир долбоор алып келбеген акимдер иштен алынат


Өкмөт башчы жыйындын жүрүшүндө быйыл акимдер «Санарип аймак» долбоорун толук ишке ашыруусу керектигин эске салды. Буга кошумча акимдер инвестиция тартуу багытында дээрлик иштебей жатканын айтып, сынга алды. Абылгазиев акимдердин ишмердүүлүгүнө баа берилерин белгиледи:

— Акимдерден айыл жерлеринде жумушчу орундарды түзүү, инвестиция тартуу боюнча сунуш келгени боюнча бир да мисал келтире албайм. Кызматтык унааны айдап жүрүп, районго бир да долбоор алып келбеген, салым кошпогон акимдер менен коштошуу керек. Биз мыйзам боюнча айыл өкмөттөргө болгон таасириңерди арттырып, жерди трансформациялоо маселесин силерге берели деп жатабыз. Ал үчүн акимдер кыймылдашыңар керек. Эл өзү көтөрүп чыкмайынча бир да маселени көтөрбөйсүңөр. Экология бузулуп жатканы боюнча маселени көтөргөн жоксуңар. 

Өкмөт артыкчылык берген багыттар боюнча ар бир мекемеге милдеттер жүктөлгөн. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров мекемеге тиешелүү иштерди аткарууда өкмөткө айрым сунуштарды берди:

— Тилекке каршы, жаңы конуштардын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрү социалыдк камкордуктан пайдалана албай келет. Ал маселени кароо план боюнча 1-июнга киргизилиптир. Аны 1-апрелге жылдырсак жакшы болот. Андан сырткары, социалдык контракттарды жайылтууну 1-октябардан 1-апрелге жылдырып, ишке киргизсек. Бул жерге донорлордун эсебинен деп жазылган, ага бюджетти да кошсок. Буга кошумча, майып балдар 18 жашка толгон соң, алардын жеке ассистенттери маяна ала албай калууда. Бул маселени да чечип берсеңиздер.  

Мындан сырткары, өкмөт аткарып жаткан иштер тууралуу элге маалымат жеткирүү багытында атайын кампанияларды уюштуруу сунушу да айтылды. Ал эми өкмөттүн 2020-жылга карата иш-планы мекеме жетекчилеринин сунушу менен 1 жуманын ичинде бекитилмей болду.

Copyright © 2017 Maral FM