Биз менен байланышыңыз

Украин президенти Владимир Зеленский туулган күнүн белгилеп жатат

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 506 | 0

Бүгүн, 25-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн туулган күнү, 42 жашка толгонун белгилеп жатат. Мамлекет башчыларынан биринчилерден болуп Беларустун президенти Александр Лукашенко куттуктады.

Владимир Зеленский Кривой Рог шаарында 1978-жылы жарык дүйнөгө келген. Кривой Рог шаарындагы №95-гимназия мектебинен англис тилинен тереңдетилген билим алган.

Мектепти бүтүрүп, Кривой Рог шаардык экономикалык институтунун юридика факультетине тапшырган.

1997-жылы Владимир Зеленский өзүнүн шайыр жаштар клубу (КВН) командасын уюштуруп, “95-квартал” аталышындагы менчик коллективин түзгөн.

2019-жылы Украинанын президенттик кызматка талапкер болуп, 21-апрелде өлкө президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM