Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өндүрүлгөн арактын баасы кымбаттады

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 647 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн 0,5 литр арак быйыл 103 сом болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн аракка болгон минималдык баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:

0,5 литр даяр продукцияны дүң сатуу 2020-жылы 103 сомду түзөт (мурун бул сумма 81 сом болгон),

2021-жылы – 114 сомду,  2022-жылы – 125 сомду жана 2023-жылы – 136 сомду түзөт.

0,5 литр даяр продукцияны чекене сатуу 2020-жылы – 112 сом (мурун бул сумма 90 сом болгон), 2021-жылы – 123 сом, 2022-жылы-134 сом, 2023-жылдан баштап — 145 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM