Биз менен байланышыңыз

Кытай элчиси: Коронавирустун таркашына байланыштуу виза берүүгө чек коюлбайт

Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 852 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси  Ду Дэвэнь менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Сүйлөшүү элчиликтин сунушу менен жүрүп, анда кошуна өлкөдөгү коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу сөз болду.

Элчинин маалымдашынча, расмий маалымат боюнча аталган вирус 571 адамга жугуп, анын ичинен 17си көз жумду. Алардын баары Кытай жарандары болгон. Андан сырткары, аталган вирусту жуктургандар Түштүк Кореяда, Японияда, Таиландда, АКШда да аныкталган.
Бу Дэвэндин айтканына караганда, окуя Кытай бийлигинин көзөмөлүндө жана бул үчүн чет элдик жарандарга виза берүүгө чектөө киргизилбейт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен элчилик коронавирустун жайылышы боюнча ыкчам маалымат алмашып турууну макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM