Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: 2……..7°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 2………7°C
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: -3……-8….күндүз: 2……..7°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -7…..-12..….күндүз: -1……..4°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -22……-27…..күндүз: -9..……-14°C
24-январда Бишкекте түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3……-5°C, күндүзү 4………6°C.