Биз менен байланышыңыз

Сиэтлде бейкүнөө жарандар атылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 512 | 0

Кечээ Сиетл (Вашингтон штаты) шаарында белгисиз адам ок атуучу куралдан шаар тургундарына ок атып, изин суутуп кетүүгө үлгүргөн. NBC телеканалынын билдиргенине караганда, бир адам өлүп, бешөө түрдүү жаракаттарды алышкан.

Шаардын полиция кызматы Твиттердеги баракчасына шектүүнү издеп жатканын билдирген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир канча жарадарлар бар экенин айтышканы менен алардын так саны тууралуу маалымат беришкен эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM