Биз менен байланышыңыз

Президент Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджетин бекитти

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 468 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57892,1 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57104,9 млн сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 787,2 млн сом суммасында белгиленди, — деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчысы ошондой эле бүгүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн сом суммасында бекитилди.

Бул мыйзамдар расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM