Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.
— Аталган мыйзам менен Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети кирешелер боюнча 57 892,1 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57 104,9 млн сом суммасында бекитилди, бюджеттин профицити 787,2 млн сом суммасында белгиленди, — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчысы ошондой эле бүгүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн сом суммасында бекитилди.
Бул мыйзамдар расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.