Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Матраимовдордун үч медианын үстүнөн жазган арызы боюнча соттук отурум уланат

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 647 | 0

Бүгүн, 20-январда Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарына жана журналист Али Токтакуновдун үстүнөн жазган арызынын негизинде соттук отурум уланат.

Алгачкы сот отуруму 19-декабрда болуп, ага Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова жетекчилик кылган.

Эскерте кетсек, бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Ошондой эле, 13-декабрда Матраимовдордун жактоочусу “Азаттык”, “Клооп” жана 24.kg маалымат булактарынын жана журналист Али (Мухаммедали) Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз берип, арызы 14-декабрда сотто канааттандырылган.

Copyright © 2017 Maral FM