Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 29-апрелге жылдырылды

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 625 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыркы Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 29-апрель, саат 10.00гө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Кундуз Жолдубаева билдиргендей, мурунку президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугунун абалы ага отурумга катышууга мүмкүнчүлүк бербейт. Тиешелүү акты судьяга кайтаруу кызматы менен жиберилген.

Буга чейин да сот бир нече ирет артка жылдырылган.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM