Биз менен байланышыңыз

2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салык чогулду

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 358 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу салык кызматы маалымдады. 

Белгиленген план 101,3 пайызды түзүп, 231,7 млн сомго ашыгы менен аткарылганы айтылды.

2018-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 2 млрд 845,7 млн сомго же 19,4 %га жогорулаган.

Мындан тышкары, бул мезгилде 2 млрд 950,1 млн сом суммасында мүлк жана жер салыгы чогултулган. Анын ичинде 842,9 млн сому транспорт салыгы (104,4 %га аткарылды), 878,5 млн сом кыймылсыз мүлк салыгы (107,5%), 1 млрд 228,7 млн сом жер салыгы (111,3%) түздү.

Copyright © 2017 Maral FM