Биз менен байланышыңыз

Самара-Шымкент унаа жолунда кыргызстандык 4 жаран каза болду

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 340 | 0

16-январда Самара-Шымкент  унаа жолунун Иргиз районундагы аймагында «ВАЗ 21070» маркасындагы унаа жол кырсыгына кабылып, Кыргызстандын 4 жараны: 1991-жылы туулган К.А., 1993-жылы туулган К.А.,1995-жылы туулган К.М., жана 2001-жылы туулган А.М. аттуу жарандар каза болгон. Ошондой эле, 1997-жылы туулган К.Г.  аттуу Кыргызстандын жараны жаракат алып, Иргиз райондук ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Каза болгон жарандардын сөөктөрү Иргиз райондук ооруканасынын өлүкканасына жиберилген. Учурда Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан сотко чейинки иштер жүрүп, керектүү экспертизалар бекитилген.

Жаракат алган жаранга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, өмүрүнө коркунуч жок.

Каза болгон жарандардын туугандарына кырсык боюнча кабар берилип, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан маркумдардын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берилмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM