Биз менен байланышыңыз

«Түркия агымы» ишке киргизилди, эми «Түндүк агым – 2”ни канча убакыт күтөбүз?

Блог | 16 Янв 2020 | 738 | 0

“Түркия агымын” ишке киргизип, Орусия менен Түркия АКШга катуу сес көрсөтүп койду” деп кытайлык эксперттер бул окуяга өз баасын беришти. Ошондой эле “Түндүк агымы – 2” долбоорунун ишке ашуусуна да анча көп эмес убакыт калганын, Американын бүтүндөй санкциялары буга тоскоолдук жарата албай тургандыгын айта башташты.

АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күч алып турган чакта Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган “Түркия агымы” деп аталган газ куурунун ачылыш аземине катышышты. Эки өлкөнүн лидерлери муну “эл аралык кызматташтыктын үлгүсү” деп аташкан.

2016-жылы Орусия менен Түркия “Түркия агымы” газ куурун куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул иш 2017-жылдын май айында башталган. Газ куурунун курулушу бүткөндөн кийин Түркия жана Европага жылына 31,5 миллиард кубометр газ жеткирүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Эми дүйнөлүк коомчулук “Түндүк агымы – 2” долбоору качан ачылат болду экен деп күтүп калган чагы.

Орус-түрк биргелешкен “Түркия агымы” газ куурунун курулушу өз учурунда көптөгөн сындарга кабылып, АКШ тараптан тоскоолдуктарга учурган. Анткени АКШ башка мамлекеттердин газ колдонуу мүмкүнчүлүгү болушун каалабайт. Бирок Орусия менен Түркия бул тоскоолдуктардын баарын жеңип, “Түркия агымы” аталышындагы газ куурунун курулушун бүтүрүшүп, бул жетишкендигин “эл аралык кызматташуунун үлгүсү” деп аташты. Эки өлкөнүн бул долбоорду ишке ашыруудагы жетишкендиги өз кезегинде АКШны жаакка чапкандай эле таасир калтырды.

Түркия Орусия менен биргеликте “Түркия агымы” долбоорун ишке ашыргандан кийин Германия да Түндүк агым – 2” долбоорун ишке киргизүүгө даярданып жаткандыгы белгилүү. Алгачкы планга ылайык, “Түндүк агым – 2” газ куурунун курулушу 2019-жылы бүткөрүлүп, ишке киргизилиши керек эле. Бирок, америкалыктардын кийлигишүүсү бул долбоордун мөөнөтүн жылдырууга аргасыз кылган.

2019-жылдын акырында АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылга карата коргоо бюджетинин расмий мыйзам долбооруна кол койгон. Бул мыйзам долбоордо “Түндүк агым – 2” газ куурунун курулушуна санкцияларды киргизүү каралган. Ал бул долбоорго түтүк орноткон европалык мамлекеттик жана жеке компанияларга чейин ишин токтотуусун талап кылып, болбосо санкция саларын айтып коркуткан. Ушундан улам швейцариялык Allseas компаниясы түтүктөрдү орнотуу иштерин токтотууга аргасыз болгон. Мындан соң, орустун белгилүү компаниясы бул долбоорду ишке ашырууну дароо мойнуна алган.

Орусия менен Германия мамлекеттери “Түндүк -2” долбоорунун курулушуна бардыгынан көбүрөөк кызыктар болуп, Американын негизсиз куугунтуктаган узун колдоруна жана саясатына чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтүштү. Орусия АКШнын санкцияларына карабай, Газпромдун “Түндүк агым – 2” долбоорун ишке ашыруу үчүн альтернативдүү планы бар экенин, кандай гана болбосун, долбоор ийгиликтүү ишке ашырыларын билдирди. Ал эми Германия Европанын башка өлкөлөрү менен мамилесин бузгусу келбегендигин жана европалык компанияларга жооп иретинде санкцияларды киргизбей тургандыгын айтып өттү. АКШ газ куурунун курулушуна кандай гана тоскоолдуктарды жаратып, аймактагы абалды чыңалтпасын, “Түндүк агым – 2” долбоору акыры бүткөрүлө турган болду.

АКШнын бул долбоорго караманча каршы чыгып тоскоолдук жаратуусунун өзүнүн себептери бар. Анткени Америка Германия сыяктуу европалык өлкөлөр америкалык табийгый газды сатып алышын каалайт. Биринчиден, америкалык газ кымбат болсо, экинчиден, кепилдиктин жоктугуна байланыштуу немистер буга көп ынана беришпейт. Ал эми импорттолгон газдын 75%ы Орусиядан келгендиктен баасынын арзандыгы жана коопсуздугу жагынан Германиянын талабына ылайык келет. Ушул себептен улам Германия “ Түндүк агым – 2” долбоорунун тарапкери болуп, аны акырына чейин колдойт.

“ Түндүк агым – 2” долбоору бардыгынан мурда Германия үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени өлкө табийгыз газ боюнча муктаждыгын ушул долбоор аркылуу гана канаатандыра алып, андан сырткары орус газын Европанын башка өлкөлөрүнө өткөрүүчү экономикалык түйүн боло алат. Өз кезегинде Орусия да мындан мыкты киреше таба алат. Ал өзүнүн геосаясий демилгесин бекемдеп жана кенейте алат. Ошондуктан, Орусия жана Германия бардык тоскоолдуктарды жеңип,  «Түндүк агым – 2” долбоорун ишке ашырууга болгон күч-аракетин жумшашы керек.

“ Түндүк агым – 2” газ куурунун ишке киришүүсү 2020-жылы боло турган өңдөнүп калды окшойт…

 

Copyright © 2017 Maral FM