Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 16-январда кээ бир райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 497 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 16-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10… күндүз: 0…….-5°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: 0………-5°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -2……-7….күндүз: -2……..3°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -5…..-10….күндүз: -2……..3°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -13……-18…..күндүз: -8..……-13°C

16-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6……-8°C, күндүзү -1………-3°C.

Copyright © 2017 Maral FM