Биз менен байланышыңыз

Пакистанда кар көчкүдөн каза болгондордун саны 93кө жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 425 | 0

Пакистанда кар көчкүдөн каза болгондордун саны 93кө жетти. Бул тууралуу Dawn гезити жазды. Андан сырткары, 53 адамдын жаракат алганы да айтылууда.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн курмандыктары болгондордун басымдуу бөлүгү Азад Кашмир аймагында катталган. Аталган аймакта 66 киши мерт кетти. Белуджистан провинциясында 20 адамдын каза болгону айтылууда. Андан сырткары, Пенжаб регионунда он чакты адам көчкү астында калган.

Расмий өкүлдөр, Нилам райондоруна жааган кардын калыңдыгынан улам, ал жерге жетип кабар алуу кыйынчылыктарды жаратканын, андан улам каза болгондордун көрсөткүчү мындан да өсүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM