Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Кээ бир райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 439 | 0

15-январда Республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет, деп билдирет “Кыргызгидромет” борбору.

Абанын температурасы:

Чүй обулусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;

Баткен, Ошто жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу райондордо -18…-23, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн -8…-10°, күндүз 0…-2 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM