Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Көмүскө экономиканын үлүшү 24%дан 43%га чейин жетет

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 374 | 0

Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43%га чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максатты — жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кийинки жыйынга чейин долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгып, аларды жакшыртуу сунуштарын киргизүүнү тапшырып, бизнести колдоо жана салык кызматына калктын ишеним деңгээлин арттыруу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарылдыгын баса көрсөттү.

Copyright © 2017 Maral FM