Биз менен байланышыңыз

БУУда 7 өлкө добуш берүү укугунан ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 3616 | 0

БУУ өкүлдөрү 7 мамлекетти уюмдун бюджетине керектүү салым кошпогондугу үчүн Башкы ассамблеяда добуш берүү укугунан ажыратты. Алар: Венесуэла, Ливан, Борбордук Африка Республикасы, Гамбия, Лесото, Йемен жана Тонга өлкөлөрү.

Маалыматка караганда, аталган өлкөлөр 2 жылдан бери салык төлөбөй келет. 2019-жылы уюмга мүчө болгон 193 мамлекеттин 146сы карызы жок деп табылган. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бул жылды «эң кыйын жыл» деп атаган.

2019-жылы октябрда БУУга акы төлөө боюнча эң көп карыздар өлкө АКШ болду. Анын карызы 2,6 миллиард долларды түзөт, бул — бюджеттин 22 пайызы. Андан сырткары, карыз өлкөлөрдүн катарында Бразилия, Аргентина, Мексика, Иран жана Израил бар.

Copyright © 2017 Maral FM