Биз менен байланышыңыз

Ирандын жападан жалгыз олимпиада чемпиону өлкөдөн чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 1707 | 0

Мындай билдирүүсүн ирандык тхеквандист кыз өзүнүн Instagramдагы баракчасы аркылуу таратты. Ал бул тууралуу 12-январда өзүнүн Instagram баракчасына билдирген. Кимия өлкөдө спорт менен алектенген кыздарга карата болгон диний тыюулар жана эркектердин үстөмдүгүнө нааразычылыгын билдирген.

Спортчу өзүн эркектердин үстөмдүгү жана диний тыюуларга кабылган Иранда кордук көргөн миллиондогон кыздардын бири экенин билдирип, өлкөнү саясий себептерге байланыштуу калтырып кетип жаткандыгына аргасыз экендигин төмөнкүчө түшүндүргөн:

-Менин көтөрүлүшчүл духум силердин ыпылас экономикалык оюндарыңарга жана катаал саясий алкагыңарга туура келбейт. Тхеквандо, коопсуздук, бактылуулукта жана ден соолукта жашоодон башка менин ниетим жок. Алар мени каалаган жагына жөнөтүшчү. Мен алар кий деген кийимди кийчүмүн. Алардын бардык сунуштарына макул болууга аргасыз болчумун. Алар мени каалагандай пайдаланышчу. Бирок, кайсыл жерде болбосун, ирандын кызы бойдон кала берем. Кош бол, ирандын кайырдуу эли! –деп өзүнүн Instagram баракчасына кайрылуусун жолдогон.

Эскерте кетсек, Кимия Алимзаде 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында коло медалды жеңип алган. Учурда спортчу Европанын кайсыл бир өлкөсүндө жашап, машыгарын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM