Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Болот Темировдун иши тыкыр иликтенүүсү керек

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 584 | 0

Акыйкатчы Токон Мамытов Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун 9-январда ур-токмокко кабылышы боюнча тынчсыздануусун билдирип кайрылуу жасады.

Маалыматка ылайык, Мамытов Болот Темировдун иши Ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, тыкыр иликтенүүсү керектигине токтолуп, журналисттердин ар түрдүү тобокелчиликтерге кабылып жатканын билдирген.

«Дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстанда журналистикалык кесиптин кооптуу болуп бара жатканын тынчсыздануу менен айтканга туура келет. Муну Болот Темировдун сабалышына байланыштуу акыркы окуялар  көрсөтүп турат. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тактап айтканда, көз карандысыз журналистиканын өкүлдөрү акыркы 10 жыл аралыгында ар түрдүү тобокелчилитерге кабылып келет» , — деп айтылат акыйкатчынын кайрылуусунда.

Ошондой эле, акыйкатчы ММКлардын коомчулуктун ичинде таасирдүү орунга ээ экендигине токтолуп, башкача айтканда «төртүнчү бийлик» деп аталганы менен эң көп жапа чегип жатканын белгилеген.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду 9-январда чымыр денелүү белгисиз 2 киши аталган сайттын кеңсесинин жанынан сабап, телефонун алып кетишкен. Бул факты тоноо беренеси боюнча каттоого алынганын кийин ИИМ билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM