Биз менен байланышыңыз

АКШ тажик армиясына 500 миң долларлык аскердик техника берди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2020 | 4188 | 0

АКШнын Тажикстандагы элчилиги Тажикстандын Коргоо министрлигине 10-январда аскердик техникаларды берди. Бул тууралуу centralasia.media сайты жазды.

«АКШнын Тажикстандагы элчиси Джон Марк Поммершайм жана Тажикстандын коргоо министринин аскердик техника боюнча орун басары генерал-майор Сухроб Махмадзода унаа тапшыруу салтанатына катышты.  Аскердик техникалар » Чет өлкөлүк аскерлерди 575 миң долларлык транспорт менен каржылоо»  долбоорунун негизинде ишке ашкан«, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта ошондой эле, АКШ мурдагыдай эле Тажикстанды коопсуздук, аймактагы туруктуулук жана суверендүү өлкө катары колдоого алган өнөктөшү катары айтылат.

АКШ Тажикстан менен 27 жылдан бери кызматташып келет. Аталган жыл аралыгында Тажикстандын айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү, демократиялык институттарды түзүү,  коопсуздук жана башка тармактагы долбоорлорун өнүктүрүү максатында 1,9 млрд. доллар жардам көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM