Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Нарында -18 градус суук болот

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 964 | 0

Эртең, 11-январь күнү кээ бир тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

11-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9 градус суук болушу ыктымал.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Ал эми Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 4…6 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM