Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жалал-Абадда жер силкинди

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 374 | 0

Бүгүн Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөө саат 10:53тө катталган. Силкинүү күчү Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM