Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева бир канча оор кылмышка шектелүүдө (тизме)

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 435 | 0

2019-жылдын 7-8- август күндөрү болгон Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери расмий түрдө аяктап, учурда шектүүлөр материалдар менен таанышуу процессинде.

Аталган окуя боюнча КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бир канча оор кылмышка шектелгенин өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Алар төмөндөгүлөр:

  1. Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо;
  2. Кылмыштын уюштуруучусу — мамлекетти басып алуу максатында барымтага алуу жана туткундоо;
  3. Массалык башаламандыкты уюштуруу- кылмышты уюштуруучу же аны жетектөөчү;
  4. Адамдардын тобу тарабынан алдын ала түзүлгөн келишим боюнча курал-жарак жана ок-дарыларды уурдоо;
  5. Тергөө органынын кызматкеринин ден-соолугу үчүн коркунуч жаратуу;
  6. Тергөөчүнүн ишине ар кандай түрдө кийлигишүү, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө тоскоолдук кылуу;
  7. Бийлик өкүлүнүн өмүрү жана ден-соолугу үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү.

«Учурда тергөө органдары мага карата баардык оор кылмыштар боюнча жетиштүү далилдер бар экендигин билдирүүдө. Ошол эле учурда, иш боюнча материалдардын бир бөлүгү жашыруун болгон», — деп жазган Жолдубаева.

Copyright © 2017 Maral FM