Биз менен байланышыңыз

10-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 467 | 0
Автор: Влад Ушаков

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 9-январда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -8…..-13… күндүз: 0…….5°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -11…..-16….күндүз: -1………4°C

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -4……-9….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -9…..-14….күндүз: -1……..4°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -19……-24…..күндүз: -6..……-11°C

10-январда Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -10……-12°C, күндүзү 1………3°C.

Copyright © 2017 Maral FM