Биз менен байланышыңыз

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук отурумга бир гана күбө келди

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 513 | 0

Бүгүн, 9- январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылды.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, бүгүн соттук угууга бир гана күбө келген. Анткени күбөлөрдүн көбү Бишкектен сырткары жакта болгондугуна байланыштуу аларга билдирме берүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Аларды жашаган жеринен табышкан эмес. Бирок күбөлөрдүн баардыгы келип, көрсөтмө берүүгө даяр.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот айыпталуучулар Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы жагдайлардан улам кайра кароо чечимин кабыл алган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-августта аларды үй камагына чыгарган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп шектелип, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM