Биз менен байланышыңыз

Австралиядагы апааттан 1 миллиарддан ашык жаныбар өлдү [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 2247 | 0

Австралиядагы үзгүлтүксүз өрттөн улам 1 миллиард 25 миллиондон ашык жаныбар өлгөн. Мындай маалыматты Жапайы табият боюнча дүйнөлүк уюму билдирди.

Айрыкча, Жаңы Түштүк Уэльс штатынын райондорунда миллиондогон коалалар менен кенгурулар жок болгон.

Экологдор өрттөн жабыркаган жапайы жаратылышты оңдоо үчүн ондогон жылдар кетерин белгилеп жатышат.


Австралияда суу тартыштыгынан 10 миң төө өлтүрүлөт


Кошумчалай кетсек, токойдогу өрттүн кесепетинен, абанын ысыктыгынан Австралиядагы төөлөр сууну башка жаныбарларга караганда көбүрөөк талап кылгандыктан, суусаган жапайы жаныбарлар адамдардын турак-жайларына чейин келип, алардын сууларын да ичип кетишүүдө. Адамдардын да өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыктан, төөлөрдүн санын кыскартуу, өрт күч алып, суу тартыш болгон аймактардагы төөлөрдү жок кылуу чечими кабыл алынган.


Австралия: Жаанга кубанган жаныбарлар [фото, видео]


Австралиядагы токойду каптаган өрт 2019-жылдын сентябрь айынан бери токтобой келет. Тилсиз жоо 25 адамдын өмүрүн алды. Австралиядагы өрттүн учкуну 16 миң км алыстыкта жайгашкан Түштүк Америкага чейин жетти.


Австралиядагы апаат жарым миллиард жаныбарды жок кылды (фото)

Изображение

Коала, спасенный от пожаров на острове Кенгуру

Copyright © 2017 Maral FM