Биз менен байланышыңыз

Австралияда суу тартыштыгынан 10 миң төө өлтүрүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 2629 | 0

Австралия өкмөтү токой өрттөнүп жатканда сууну көп талап кылган 10 миңдеген жапайы төөлөрдү өлтүрүүнү чечти. Бул тууралуу CNN басылмасы жазды.

Токойдогу өрттүн кесепетинен, абанын ысыктыгынан Австралиядагы төөлөр сууну башка жаныбарларга караганда көбүрөөк талап кылууда. Бул өз учурунда суу тартыштыгын жараткан. Суусаган жапайы жаныбарлар адамдардын турак-жайларына чейин келип, алардын сууларын да ичип кетишүүдө. Адамдардын да өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыктан, төөлөрдүн санын кыскартуу, өрт күч алып, суу тартыш болгон аймактардагы төөлөрдү жок кылуу чечими кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, төөлөрдү жок кылуу иштери 8-январда мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөт. 5 күндүн ичинде 10 миңдей төөнү жок кылуу пландалган. Өлтүрүлгөн төөлөрдүн сөөгү же көмүлөт же өрттөлөт деп жазган The Hill басылмасы. 2010-жылдагы маалымат боюнча, Австралиянын 3 штатында жана түндүк аймагында миллиондой төө байырлаган.


Австралия: Жаанга кубанган жаныбарлар [фото, видео]


Австралиядагы токойду каптаган өрт 2019-жылдын сентябрь айынан бери токтобой келет. Соңку маалыматтарга караганда, өрттөн улам жарым миллиард жандык өлдү. Ошондой эле, тилсиз жоо 25 адамдын өмүрүн алды. Австралиядагы өрттүн учкуну 16 миң км алыстыкта жайгашкан Түштүк Америкага чейин жетти.


Австралиядагы апаат жарым миллиард жаныбарды жок кылды (фото)

Copyright © 2017 Maral FM