Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Кыргызстан билимге негизделген коомдун өлкөсү болууну милдет катары коет

Кыска кабар | 9 Янв 2020 | 378 | 0

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан кийинки жылдарда да сакталат, анткени бул узак мөөнөттүү жана ырааттуу процесс болуп саналат. Мындай пикирин Президенттик Аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Ал кийинки этапта жеке секторлордун жана өлкө жарандарынын санариптештирүү процессине активдүү катышууларын талап кылган долбоорлор да бар экенин кошумчалады.

«Иштелип чыккан жана ишке киргизилген санариптик аракеттенишүүнүн механизмдери ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Жаңы инновациялык технологиялардын колдонуучусу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү өздөрү маалыматтык технологияларды колдоно билиши керек. Санарип технологиялардын экономикага жана социалдык тармакта тереңирээк кириши үчүн биз ошондой эле калктын арасында санарип сабаттуулугун жогорулатышыбыз керек. Бул талаптарга ылайык аталган Жарлыкта санарип сабаттуулугунун потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар каралган», — деп баса белгиледи ал.

Данияр Иманалиев Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болууну милдет катары коёрун белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM