Биз менен байланышыңыз

2020 — Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы болот

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 1260 | 0

2020-жыл Кыргызстанда Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды. Буга байланышкан жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда кол койду.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкта Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияларга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болушу керек, мамлекет адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшү зарыл экени айтылат.

Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды.

Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда.

Алар менен катар мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары балдарды, өзгөчө жетим, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоо дагы Жарлык аркылуу белгиленген.

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды социалдык жактан коргоонун деңгээлине таасир эткен ички миграцияны кыскартуу максаты да коюлууда.

Бул тенденцияны эске алуу менен быйылкы жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды.

Өкмөткө Жарлыкта конкреттүү белгиленген бир катар милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM