Биз менен байланышыңыз

Иран. Учак кырсыгы: Каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 875 | 0

Ирандын Тегеран шаарына учак кырсыгында каза болгондордун арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Бүгүн, 8-январда Ирандын Тегеран шаарындагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто Украинага тиешелүү Boeing 737 учагы кыйроого учурап, андагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болгон.


Иран: Кулаган учактагы 167 жүргүнчүнүн баары каза болду [фото]


Кыймылдаткыч күйүп кеткендиктен учак жерге кулаганын аэропорттун расмий өкүлү билдирген.

Кыйроодо Иран, Канада, Украина, Швеция, Германия, Улуу Британия жана Ооганстандын жарандары набыт болушкан.

Ал эми украиналык жалпыга маалымдоо каражаттар кырсыкка кабылган учакта Украинанын эки жараны жана экипаждын 9 мүчөсү болгонун маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM