Биз менен байланышыңыз

Америкалык учактарга Ирандын жана Ирактын үстүнөн учуп өтүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 749 | 0

АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы америкалык авиакомпанияларга Иран, Ирактын, Перс булуңунан жана Оман булуңунун үстүнөн учуп өтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы 8-январда билдирген.

Башкармалык Жакынкы Чыгыштагы кырдаал америкалык жарандык авиация үчүн да чоң коркунуч жаратат деп эсептейт. Бул чечим Ирандын АКШнын базасына жасалган ракеталык чабуулунан кийин кабыл алынган. Тыюунун мөөнөттөрү тууралуу сөз болгон эмес.

Ошондой эле, кооптуу аймактын үстүнөн учуп өтүүгө Орусия, Малазия, Казакстан мамлекеттеринин жарандык авиацияларына да тыюу салынган.

8-январга караган түнү ирандыктар АКШнын Ирактагы Айн аль-Асад аскердик базасына ракеталык сокку урган. Тегерандын айтымында, америкалык аскердик база толугу менен кыйраган. Ал эми Пентагон келтирилген зыянды дагы деле эсептеп бүтө элек.

Эскерте кетсек, АКШ менен Ирандын мамилеси 3-январда америкалыктар тарабынан ирандык генерал Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин курчуган.

 

.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM