Биз менен байланышыңыз

9-январга карата аба ырайы

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 494 | 0

Кыргызгидромет борбордун маалымдашынча, эртең, 9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз 0…-5

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -1…-3 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM