Биз менен байланышыңыз

Бахтияр Дүйшөбековдун футбол клубу Бангладештин Кубогунун финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 Янв 2020 | 711 | 0

Кыргызстандын улуттук курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков ойногон “Башундара Кингс” клубу Бангладеш футбол федерациясынын Кубогунун финалына чыкты. Бул тууралуу футболчу өзү “Маралга” билдирди.

Жарым финалдык беттеште Бахтияр командалаштары менен “Бангладеш Police United” клубун 3:0 эсебинде утуп алышты.

“Башундара Кингс” эми финалда “Рахматгандж” клубу менен баш байге үчүн беттешет. Финалдык оюн эртең, 5-январда өтөт.

Эске сала кетсек, Бахтияр Дүйшөбековдун “Башундара Кингс” клубу өткөн жылы аталган мелдешти уткан.

Copyright © 2017 Maral FM