Биз менен байланышыңыз

Президенттин 2020-жылга кандай аталыш бергендиги белгилүү болду

Кыска кабар | 1 Янв 2020 | 4073 | 0

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаны жылдык куттуктоо учурунда билдирди.

Жээнбеков өлкөнү туташ санариптештирүү 2020-жылы да улантыларын белгиледи:

-Ар бир ата-эне бала үчүн бардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоону чечтим, — деди президент.

Өлкө башчы балдардын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе экенин белгилеп,  мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныкталарын кошумчалады. 

Эске салсак, 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM