Биз менен байланышыңыз

Президент Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 631 | 0

Бүгүн, 31-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Жаңы жылы жана Рождество майрамдары менен куттуктады.

Акыркы мезгилде кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыкты бекемдөө үчүн көп иштер жасалганын ырастады.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын Орусияда жана Орусиянын Кыргызстанда жарыяланган кайчылаш жылынын алкагында алдыда өтө турган иш-чараларды талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM