Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 2020-жылдын 1-күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 748 | 0

1-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда кардын жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Нарын дубанында түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 0…2 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM