Биз менен байланышыңыз

Трамп жана Путин Орусияда алды алынган террактты талкуулашты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 543 | 0

Ак үй Путиндин Трампка телефон чалып, АКШнын Орусиянын Санкт-Петербург шаарында даярдалып жаткан терракт тууралуу маалымат бергенине ыраазычылык билдиргенин тастыктады.

Орусия президенти Владимир Путин Дональд Трампка 30-декабрда телефон чалып, АКШ президентине ыраазычылык билдирген. АКШнын атайын кызматтарынын берген маалыматында Орусияда жаңы жыл майрамдарында потенциалдуу террордук чабуул даярдалып жаткандыгы айтылган. Ак үйдүн пресс-секратары Хоган Гидлинин айтымында, эки өлкөнүн президенттери мындан ары да террроризм жаатында биргелишип кызматташа тургандыгы тууралуу сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Ошондой эле, мамлекет башчылары мындан ары» куралданууну эффективдүү көзөмөлдөөнү колдоо» боюнча АКШ менен Орусиянын мамилелерин талкуулашты. Ошол эле күнү АКШнын Мамдепартаментинин башчысы Майк Помпеонун 3 январдан 7 январга чейин Украина, Беларусь, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө сапар алары белгилүү болду.

29-декабрда ФСБ АКШнын атайын кызматтары берген маалыматынын негизинде Орусиянын эки жаранын кармаган. Алар жаңы жылдык майрамдарда Санкт-Петербургда терракт уюштурууга ниеттенип жатышкан. Кармалгандардан терракт даярдоого даярдап жаткан материалдар бар экени тастыкталган. Учурда алар көрсөтмө берип жатышат. 30-декабрда бул эки адамдын камакка алынганын ФСБ билдирген. Кремлдин айтуусу боюнча, Путин Трамп менен болгон телефондук сүйлөшүүдө атайын кызмат линиясы аркылуу берилген маалымат боюнча Санкт-Петербургда даярдалып жаткан террактын алдын алууга жардам берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирген.

 

Copyright © 2017 Maral FM