Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыл күнү аба ырайы кандай болот?

Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 950 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: 0…….5°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 0………5°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -3……2….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -13……-18…..күндүз: -5..……-10°C

31-декабрда Бишкекте кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1……-3°C, күндүзү 2………4°C.

Copyright © 2017 Maral FM