Биз менен байланышыңыз

Кадыров: Уурулардын мыйзамын тааныбайм

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Дек 2019 | 1355 | 0

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бир фраза менен республиканы мыйзамдагы уурулар жана алардын тартиптеринен арылтканын, алардын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүн тыйгандыгын ЧГТРК уюштурган трансляцияда айтып берди.

-Мен уурулардын мыйзамдарын тааныбайм. Бир кезде алардын баарын чогултуп, Чеченстанда уурулук мыйзам менен иш кылуусун токтотууну талап кылгам, — деп республикада уурулардын мыйзамынан да жакшы мыйзамдар бар экендигине токтолгон.

Чеченстан президенти жыл сайын өтүүчү пресс-конференциянын алкагында социалдык тармактардан келген суролорго, ошондой эле телефон чалууларга жооп берет. Кадыровго массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте республиканын жарандары да суроо берип кайрыла алышат.

Copyright © 2017 Maral FM