Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 29-декабрда айрым аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 455 | 0

Кыргызгидрометборбордун маалымдашынча эртең, 29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаабайт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында күндүз жаан, кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт.

Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында кар жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3,  күндүз +2…+7

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2,  күндүз +2…+7

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1…+4,
күндүз +4…+9

Ысык-Көл облусу  түнкүсүн 0…-5,  күндүз +1…+6

Нарында  түнкүсүн -15…-20,  күндүз -8…-13 суук болот.

Бишкекте 29-декабрда түнкүсүн жаан болбойт, күндүз маал-маалы менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +5…+7.

Copyright © 2017 Maral FM