Биз менен байланышыңыз

Казакстан учак кырсыгында курман болгондорго аза күтүп жатат

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 767 | 0

Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү. Бул мамлекеттин тарыхында 8-жолку улуттук аза күтүүсү. Мамлекеттик туулар түшүрүлүп, оюн-зооктор токтотулган. Бул күнү радио жана телеканалдарда көңүл ачуучу берүүлөр, рекламалар чыгарылбайт. Мамлекеттик органдардын сайттары ак-кара түстөгү форматка өткөрүлдү.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ Алматыдагы учак кырсыгынан каза болгондорго байланыштуу 28-декабрды —  аза күтүү күнү деп жарыялаган.


Казакстанда 28-декабрь – аза күтүү күнү деп жарыяланды


27-декабрда таңкы саат 7.22де Алматы – Нур-Султан багытындагы Казакстандын Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы аэропортунан алысыраак жерге кулап түшкөн. Учактын бортунда жалпы 100 адам, 95 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон.


Алматыда ичинде 100 адам бар учак кулады (видео)


Алардын арасында бир кыргызстандык бар. Анын абалы жакшы экенин андан кабар алып келгенин Тышкы иштер министрлиги айтууда.


Алматыдагы учак кырсыгы: Кыргызстан жаранынын абалы канааттандырарлык


Учак кырсыгында каза болгондордун саны 15 жеткени айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM